Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 466-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-марты № 116-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын курамында:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары.";
алтынчы абзацтагы "(макулдашуу боюнча)" деген сөздөр алып салынсын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругу менен бекитилген КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын ишинин Регламентинин бүткүл тексти боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган буйрук менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмесине киргизүү максатында салык салынуучу субъекттерди тандоо критерийлеринде:
бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Тизмеге экспортко арналган продукцияларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) чыгаруу үчүн жабдууларды, сырьелорду, материалдарды жана комплектөөчү буюмдарды өндүрүштүк циклде пайдалануучу өнөр жай ишканалары, "Жашырын" деген грифи бар аскердик-техникалык багыттагы продукцияларды чыгаруучу ишканалар, ошондой эле Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарлардын экспортун ишке ашыруучу, алар үчүн кошумча нарк салыгы боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби каралган ишканалар киргизилет.";
7-пунктунда:
1-пунктчасындагы "3 жылдан кем эмес" жана "2 жылдан кем эмес" деген цифралар жана сөздөр "2 жылдан кем эмес" жана "1 жылдан кем эмес" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктча күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |