Редакцияот 30.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 30-марты № 117-б

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы үчүн 2012-жылдын 31-марты жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын агент-банктарына белгиленген тартипте 2012-жылдын 31-мартын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов