Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 11-сентябры № 455-б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын 65-беренесине ылайык 2012-жылдын 16-майындагы алкоголдуу жана тамеки продукцияларына акциз маркаларын даярдоо жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендердин жыйынтыгын жокко чыгаргандыгына байланыштуу, жаңы тендер өткөрүлгөнгө чейин акциз маркаларын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына акциз маркаларын 4 айлык керектөөдөн кем эмес жабуучу көлөмдө алкоголдуу продукцияга - 50 028 000 даана жана тамеки продукциясына - 105 700 000 даана акциз маркаларын даярдоо жана жеткирип берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан алуу ыкмасы менен «De La Rue International Ltd» компаниясынан сатып алууга уруксат берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 11-сентябры № 455-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 550-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 65-беренесине ылайык 2012-жылдын 16-майындагы алкоголдуу жана тамеки продукцияларына акциз маркаларын даярдоо жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендердин жыйынтыгын жокко чыгаргандыгына байланыштуу, жаңы тендер өткөрүлгөнгө чейин акциз маркаларын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына акциз маркаларын 7 айлык керектөөдөн кем эмес жабуучу көлөмдө алкоголдуу продукцияга - 83754000 даана жана тамеки продукциясына 185500000 даана акциз маркаларын даярдоо жана жеткирип берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан алуу ыкмасы менен "De La Rue International Ltd" компаниясынан сатып алууга уруксат берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 550-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |