Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-сентябры № 458-б
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Арстанбек Дүйшеевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Талиева Камила Абдыразаковна | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Узакбаев Чынгысбек Макишович | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Садыков Канат Жалилович | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Осмоналиев Самир Кушайынович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары;
|
Өмүркулов Иса Шейшенкулович | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
Азыранкулов Айбек Жаныбекович | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Исаков Төлө Байдалиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун милдетин аткаруучу;
|
Нургазиев Рыспек Зарылдыкович | - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
|
Абдыкеримов Кудайберген | - А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Изабаев Умар Даирович | - Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Оторбаев Кубат Табылдиевич | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Дүйшеев Нурлан Арстанбекович | - А.Дүйшеевдин үй-бүлөсүнүн өкүлү (макулдашуу боюнча); |
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө юбилейлик иш- чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттеринин чегинде, ошондой эле облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |