Загрузка документа…
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдалануу жөнүндө
Макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
1992-жылдын 10-июнундагы Кыргызстан Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимде жана 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана шериктештик жөнүндө декларацияда бекитилген стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү эки мамлекеттин узак мөөнөттүк кызыкчылыктарын көңүлгө алуу менен,
2008-жылдын 12-декабрындагы Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун жоболорун эске алып,
электр энергетикасы комплексинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыккандыктан улам, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Бул Макулдашуунун максаты Датка подстанциясынан (Кыргыз Республикасы) Кемин подстанциясына (Кыргыз Республикасы) чейин аба линияларын (500 кВ), Кемин подстанциясынан (Кыргыз Республикасы) Казакстан Республикасынын чек арасына чейин (Алматы подстанциясы) аба линияларын (500 кВ) жана Камбар-Ата-1 ГЭСи өндүргөн электр энергиясын чектеш мамлекеттердин энергия системаларына экспорттоону камсыздачу аба линияларын (500 кВ) куруу (мындан ары - Тармак долбоору) зарылчылыгын эске алуу менен, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдалануу долбоорун (мындан ары - долбоор) ишке ашыруудагы Тараптардын кызматташтыгынын шарттарын аныктоо болуп саналат.
2-берене
1. Бул Макулдашууну аткарууну координациялоо Тараптардын мамлекеттеринин төмөндөгү компетенттүү органдары тарабынан ишке ашырылат:
Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
Россия Тараптан - Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги.
2. Компетенттүү органдарды алмаштырган учурда Тараптар бул тууралуу бири бирин дипломатиялык каналдар боюнча кабардар кылышат.
3-берене
1. Бул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары төмөнкүлөр болушат:
Кыргыз Тараптан - «Электр станциялары» ачык акционердик коому;
Россия Тараптан - «ИНТЕР РАО ЕЭС» ачык акционердик коому.
2. Ыйгарым укуктуу уюмдарды алмаштырган учурда Тараптар бул тууралуу бири бирин дипломатиялык каналдар боюнча кабардар кылышат.
4-берене
Долбоор «Камбар-Ата-1 гидроэлектр станциясы» жабык акционердик коому (мындан ары - «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАК) тарабынан уставдык капиталдагы үлүштү төмөндөгүдөй бөлүштүрүү аркылуу ишке ашырылат:
«Электр станциялары» ачык акционердик коому - 50 (элүү) пайыз;
«ИНТЕР РАО ЕЭС» ачык акционердик коому - 50 (элүү) пайыз.
5-берене
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү жана ырааттуулугу техникалык- экономикалык негиздеме менен аныкталат.
Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык сынак өткөрүүнүн (кызматтарды сатып алууга тооруктун) жүрүшүндө аныкталган уюм жүзөгө ашырат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо мөөнөтү 5 айды түзөт.
Кыргыз жана россия уюмдары долбоорду рынок шарттарында ишке ашыруунун алкагында иштерди аткаруу, жабдууларды, материалдарды берүү жана кызматтарды аткаруу боюнча келишимдерди (контракттарды) түзүүдө артыкчылыктуу укукка ээ болушат.
6-берене
1. Долбоорду ишке ашыруу максатында Тараптар өздөрүнө төмөнкүдөй милдеттенмелерди алышат:
Россия Тарап бул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен, «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын уставдык капиталына Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун салымы катары кошуу үчүн долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун акча каражат берүүнү камсыздайт;
Кыргыз Тарап «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын уставдык капиталына Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу органынын салымы катары Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга бөлүнгөн жер участкаларын пайдалануу укугун жана башка активдерди, анын ичинде материалдык эмес активдерди берет, ал Россия тараптын салымынын наркына барабар болот.
Россия Тарап долбоорду техникалык-экономикалык негиздемесинде аныкталган көлөмдө ишке ашыруу үчүн «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКга каражат тартууну камсыздайт. Тартылган каржылоонун баасы АКШ доллары менен жылдык 2,5 пайызды түзөт.
2. Заем берүү жана төлөө шарттары өзүнчө макулдашууда аныкталат.
7-берене
1. Долбоорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Тарап өзүнө төмөнкүдөй милдеттенмелерди алат:
«Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКга иштеп жаткан, курулуп жаткан жана куруу пландаштырылган тармактык объектилерде тоскоолдуксуз болууну камсыздоо;
Камбар-Ата-1 ГЭСи өндүргөн электр энергиясын Тармак долбоорунун алкагында курулган электр өткөрүү линиялары боюнча берүү тарифтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргызстандын улуттук электр тармагы үчүн белгиленген тарифтерге теңделип Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан белгиленет;
күзгү-кышкы мезгилден чыгуу үчүн энергия булактарын сатып алуу максатында өздүк генерациялоочу объектилерде 2,2 млрд кВт.с чейинки көлөмдө өндүрүлгөн электр энергиясын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого артыкчылыктуу укук Кыргыз Тарапка берилет;
Кыргыз Тараптын экспорттоого артыкчылыктуу укугунан ашыкча көлөмдөгү Камбар-Ата-1 ГЭСи өндүргөн электр энергиясын Кыргыз Республикасынын тармактары боюнча үчүнчү өлкөлөргө толук көлөмдө тоскоолдуксуз экспорттоо суу ресурстарын колдонуу режимине жана электр тармактарынын иштөө режимине ылайык камсыздалат;
электр энергиясын экспорттоодо Кыргыз Республикасынын ички рыногу үчүн белгиленген баадан төмөн эмес, эркин бааны белгилөө камсыздалат;
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон тийиштүү уруксат берүүчү документтерди, лицензияларды «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКга берүүгө, өндүрүштү ишке ашырууга жана электр энергиясын экспорттоону кошуп алганда, электр энергиясын сатууга көмөк көрсөтүү;
Тармак долбоорун ез алдынча ишке ашыруу.
2. Эгерде Бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 2 жыл ичинде Кыргыз Тарап Тармак долбоорун ишке ашыруу боюнча куруу-монтаждоо ишин аткарууга киришпесе, аны ишке ашыруу боюнча милдеттенме Россия Тарапка өтөт.
8-берене
1. Тартылган каржылоону кайрууну камсыздоо максатында Тараптар «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын акционерлери каржылоочу уюмга төмөнкүлөрдү күрөөгө беришин камсыздашат:
өздөрүнө тиешелүү акцияларга өз укуктарын;
долбоорду ишке ашыруунун алкагында салынган негизги каражаттардын объектилерин.
2. Каржылоочу уюмга күрөөгө берилген мүлктү жана укуктарды күрөө кармоочу үчүнчү тарапка Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз бербейт.
9-берене
1. Долбоор боюнча карызга алынган каражаттарды кайтаруу мезгилинде:
«Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын директорлор кеңешинин курамына Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунан 3 өкүл жана Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунан 2 өкүл кирет;
«Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын директорлор кеңешинин төрагасы Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун сунушу боюнча шайланат;
«Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын башкармасынын курамына Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунан 2 өкүл жана Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунан 3 өкүл кирет;
«Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын башкармасынын төрагасы Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун сунушу боюнча шайланат;
директорлор кеңешинин жана башкарманын чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
2. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоордук-сметалык документтери, ошондой эле кредиттик саясаты, курулушту каржылоонун жалпы көлөмү, «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын бюджети директорлор кеңешинин 5 мүчөсүнөн турган кворум болгон кезде бир добуштан бекитилет.
3. «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКны өзгөртүп уюштуруу жана (же) жоюу акционерлердин жалпы чогулушунун бир добуштан кабыл алынган чечими менен ишке ашырылышы мүмкүн.
4. Россия тарап берген карыз каражат төлөнгөндөн кийин ар бир 3 (үч) жылда Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары тарабынан негиздөөчү документтерде белгиленген тартипте жана шартта «Камбар- Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын башкаруучу жана жетекчи органдарында өкүлдөрдү ротациялоо ишке ашырылат.
10-берене
«Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарына таандык акциялары Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз «Камбар- Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын же Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарынын карызын жоюу эсебинде сатылбайт же башка жол менен ээликтен ажыратылбайт, күрөөгө коюлбайт, алмаштырылбайт, үчүнчү тарапка ишенимдүү башкарууга берилбейт. Жаңы акцияларды чыгаруу жана уставдык капиталды азайтуу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана ишке ашырылышы мүмкүн.
Эгерде бул Макулдашуунун 6-беренесинин 2-пунктунда белгиленген келишимде каралбаса, «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКнын мүлкү ээликтен ажыратуунун бардык, анын ичинде кыйыр түрлөрүнө жатпайт. Мындай учурда мүлктү ээликтен ажыратуу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана ишке ашырылат.
11-берене
Бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып, бул Макулдашуунун алкагында ишке ашырыла турган каржылоого карата Тараптар 2008-жылдын 12-декабрындагы Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун жоболорун колдонушат.
Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарынын долбоорго катышуудан улам келип чыккан милдеттемелери боюнча Тараптар жоопкерчилик тартышпайт.
Ыйгарым укуктуу уюмдар Тараптардын долбоорго катышуудан улам келип чыккан милдеттемелери боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
Тараптар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу уюмдарына бул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча милдеттемелерин аткарууга жана долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизүүчү таасирин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалоо процедурасын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
12-берене
Карыз каражаттарды кайтаруу мөөнөтүнүн аралыгында Кыргыз Тарап «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКны мүлк салыгынан жана жер салыгынан бошотот.
Бул Макулдашууну ишке ашыруу максатында, Камбар-Ата-1 ГЭСине карата долбоор алдындагы, долбоордук, куруу-монтаждоо жана иштетип-жөнгө салуу жумуштарын аткаруу мезгилинде Тараптар курулуш техникаларын, жабдууларды, механизмдерди, транспорт каражаттарын, курулуш жана күйүүчү-майлоочу материалдарды Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары аныктаган тизме боюнча жана көлөмдө (санда) аларды Россия Федерациясынан ташып чыгууда жана Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө бажы төлөмдөрүнөн жана салыктардан бошотушат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКга салык салуу шарттарын начарлатууга алып келүүчү өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ага салык салуу Кыргыз Республикасынын бул Макулдашууга кол коюлган күнгө карата колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасында салык салуунун шарттарынын начарлашы деп, бул Макулдашууга кол коюлган күнгө карата колдонулганга салыштырганда, жаңы салыктарды, жыйымдарды жана пошлиналарды жана (же) башка ушул сыяктуу төлөмдөрдү киргизүү (белгилөө), ошондой эле бул Макулдашууга кол коюлган күнгө карата колдонулуп жаткандарга салыштырганда салыктардын, жыйымдардын жана пошлиналардын жана (же) ошол сыяктуу башка төлөмдөрдүн ставкаларын жогорулатуу түшүнүлөт.
13-берене
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча долбоорду ишке ашырууга үчүнчү мамлекеттердин уюмдары тартылышы мүмкүн. Зарыл болгондо Тараптар бул Макулдашуунун жоболорун эске алуу менен тийиштүү көп тараптуу өкмөт аралык макулдашууларды түзүү үчүн чара көрүшөт.
14-берене
1. Бул Макулдашуунун жоболорун колдонууда жана чечмелөөдө же аларга байланыштуу пайда болушу ыктымалдуу бардык талаштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
2. Бул Макулдашууда каралган милдеттемелерди колдонууга жана аткарууга байланыштуу бир Тараптын жана башка Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун ортосундагы талаштар сүйлөшүү жолу менен чечилет.
3. Эгерде ушул берененин 2-пунктунда каралган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 6 ай аралыгында талаш чечилбесе, анда мындай талаш Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода укуктары боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) Арбитраж регламентинин 2010-жылдагы редакциясына ылайык ad hoc эл аралык арбитражында каралууга жатат.
15-берене
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды Тараптардын аткарганы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык канал боюнча алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөрүшү мүмкүн.
Бул Макулдашуу ага кол коюлгандан 30 күн өткөндөн кийин убактылуу колдонулат.
Бул Макулдашууну колдонууну Тараптардын биринин демилгеси менен токтотуу Тараптардын биринин башка Тарапка тийиштүү жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүүсү аркылуу ишке ашырылат. Мындай учурда бул Макулдашуунун колдонулушу мындай билдирүү алынган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин токтотулат.
Бул Макулдашууну колдонуунун токтотулушу Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун «Камбар-Ата-1 ГЭСи» ЖАКдагы үлүшү Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун менчигине өтүшүнө алып келет, мындай болгондо Кыргыз Тарап Россия Тараптын жана анын ыйгарым укуктуу уюмунун тарткан чыгымдарын компенсациялоого милдеттенет.
Россия Тараптын үлүшүн өткөрүп берүүнүн тартиби жана анын ыйгарым укуктуу уюмунун чыгымдарын компенсациялоо тартиби жөнүндө макулдашууну (анын ичинде графикти) Тараптар ушул Макулдашуунун 6-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн заем жөнүндө келишимди түзүү менен бир убакытта түзүүгө тийиш.
Бул Макулдашуу убактылуу колдонула баштаган күндөн тартып:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2008-жылдын 9-октябрындагы Электр энергетикасы чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун Камбар-Ата-1 ГЭСке байланыштуу нормаларын убактылуу колдонуу токтотулат;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2009-жылдын 3-февралындагы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жөнүндө макулдашуу өзүнүн аракетин токтотот.
2012-жылдын «____» ____________ ________________________ шаарында, ар бири кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |