Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-сентябры № 463-б
Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мектептик тамактанууну уюштуруунун пилоттук моделин иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - жумушчу комиссия) түзүлсүн:
Талиева К.А. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу комиссиянын төрагасы;
|
Кендирбаева Д.Ш. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Баймурзаев М.А. | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин финансылык талдоонун бюджеттик саясаты башкармалыгынын начальниги;
|
Үсөналиев М.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын начальниги;
|
Жумалиев А.Т. | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
|
Базарбаев Т.Р. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги;
|
Кыдыралиев З.Т. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Абарбекова А.М. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги;
|
Жапаркулова М.К. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин балдарды социалдык коргоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Франк Н.С. | - Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Мамырбаева Т.Т. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Энени жана баланы коргоонун улуттук борборунун илимий иштер боюнча директорунун орун басары;
|
Сыдыканов А.С. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Давыдова Л.Н. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин директорунун орун басары;
|
Кушубакова М.Ы. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Сатыбалдиева А.Х. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин талдоо, болжолдоо жана азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Жусупова А. | - Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын программалык маселелер боюнча адиси (макулдашуу боюнча);
|
Осмоналиев Р.А. | - Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Социалдык тамактануу департаментинин директору (макулдашуу боюнча);
|
Погосян А. | - Кыргыз Республикасында БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) билим берүү маселелери боюнча координатору (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртууга багытталган долбоорду пландоо боюнча Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык адистеринин миссиясына көмөк көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде мектептик тамактанууну уюштуруунун пилоттук моделин иштеп чыгуунун жана киргизүүнүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |