Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-сентябры № 466-б
Ялта шаарында (Украина) 2012-жылдын 28-сентябрында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- маалыматтык коомду курууда жана өнүктүрүүдө жана 2015-жылга чейинки мезгилде аны ишке ашыруу боюнча аракеттердин планында КМШга катышкан мамлекеттердин кызматташтыгынын стратегиясы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- 2020-жылга чейинки мезгилде КМШга катышуучу мамлекеттердин инновациялык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу боюнча 2012-2014-жылдардагы иш-чаралар комплекси жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын базасында «Мир 24» маалыматтык телеканалдын концепциясы жана «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын базасында «Мир 24» маалыматтык телеканалдын финансылык-экономикалык негиздемеси жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- Финансылык стабилдүүлүк кеңешинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мейкиндигинде региондук консультациялык топту түзүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- Мунай зат жана газ боюнча өкмөттөр аралык кеңешти жоюу жөнүндө протоколдун долбоору;
- 2015-жылга чейинки мезгилге КМШга катышуучу мамлекеттердеги согуштардын-локалдуу жаңжалдарга катышуучулардын ардагерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык-социалдык жардам көрсөтүүнү жана турмуш сапатын жогорулатууну андан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жана 2011-2012-жылдарда аны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча иш-чаралар планын 2013-жылда финансылоо жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- 2013-жылы карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин абадан коргонуусунун бириктирилген системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө ассигнованиелер бөлүү жөнүндө карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин КМШнын органдарынын бирдиктүү бюджетине үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмдөрүн өзгөртүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;
- 2013-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджети жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |