Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 27-сентябры № 468-б
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыначылыгы үчүн 2012-жылдын 29-сентябры иш күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасындагы бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыначылыгынын банк-агенттерине 2012-жылдын 29-сентябрын иш күнү деп жарыялоо сунушталсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |