Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-октябры № 474-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарымын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн отчеттук мезгилдеги иш жүзүндө жетишилген көрсөткүчтөрдүн маанилери жөнүндө баяндамаларды квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчеттук кварталдан кийинки айдын 25ине чейин берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары отчеттук мезгилде иш жүзүндө жетишилген көрсөткүчтөрдүн маанилери жөнүндө баяндамаларды квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине отчеттук кварталдан кийинки айдын 25ине чейин берип турушсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө маалыматты квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчеттук кварталдан кийинки айдын 27ине чейин берип турсун.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки экинчи айдын 10уна чейинки мөөнөттө отчеттук мезгилде иш жүзүндө жетишилген көрсөткүчтөрдүн маанилери жөнүндө жыйынды маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турсун.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 1-октябрындагы № 474-б
буйругу менен бекитилген
2012-жылга карата аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн базалык көрсөткүчтөрдүн салмагынын жана сандык маанисинин
Тизмеси
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ