Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-октябры № 480-б
1. «Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларын модернизациялоо» долбоору (№ 3871-KG кредит) боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы 2004-жылдын 9-июнунда кол коюлган Өнүгүү максаттарына кредит жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |