КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-октябры № 481-б
Кыргыз Республикасында гидроэлектрстанцияларын куруу долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу жөнүндө маселени талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Өзбекстан Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусуна катышуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |