Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 9-октябры № 486-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 54-б буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топтун сунушуна ылайык, ФАТФтын (Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобунун (The Financial Action Task Forse (FATF) 2011-жылдын 28-октябрындагы Пленардык жыйынында бекитилген Иш-аракеттер планында (мындан ары - Иш-чаралар планы) каралган иш-чараларды аткаруу жана 2012-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилде терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТЭК/КЛАКА) боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук системасын өркүндөтүү максатында:
1. Иш-чаралар планын аткаруу боюнча Ведомстволор аралык план (мындан ары - Ведомстволор аралык план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) Ведомстволор аралык планды ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына квартал сайын маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 54-б буйругуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ мындан аркы ишти Ведомстволор аралык планга ылайык жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбестен Ведомстволор аралык пландын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчётту Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
2011-жылдын 28-октябрындагы ФАТФнын Пленардык жыйынында бекитилген Иш-аракеттер планында каралган иш-чараларды аткаруу жана 2012-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилде терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТЭК/КЛАКА) боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук системасын өркүндөтүү боюнча
Ведомстволор аралык план
№ | Иш-чаралардын аталышы | Кыскача негиздеме | Мөөнөтү | Аткаруучулар | Потенциалдуу донорлор | Натыйжасы |
I. ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | ||||||
1. | Кылмыш-жаза кодексинин ФАТФнын сунуштамаларында каралган бардык негизги предикаттык кылмыштарга дал келүүсүн инвентаризациялоону жүргүзүү | ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында | 2012-жылдын июлу | ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ, ЭККМК, БКМК | ЭВФ, ЕАТ | ФАТФнын сунуштамаларында каралган бардык негизги предикаттык кылмыштарга дал келүүсүн инвентаризациялоонун натыйжалары тууралуу маалымкат |
2. | Кылмыш-жаза кодексинин Терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияда жана башка терроризмге каршы конвенцияларда каралган бардык кылмыштарга дал келүүсүн инвентаризациялоону жүргүзүү | 1) ФАТФнын сунуштамаларына (II АС жана 35 С) жана Терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияга дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш-аракеттер планынын 2-пунктунун «с» пунктчасын аткаруу үчүн | 2012-жылдын июлу | ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ, ЭККМК, БКМК | ЭВФ, БУУКТК | Терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияда жана башка терроризмге каршы конвенцияларда каралган бардык кылмыштарга дал келүүсүн инвентаризациялоонун натыйжалары тууралуу маалымкат |
3. | Укук коргоо органдарын жана башка органдарды ККЛА/ТЭК предмети болуп саналган мүлктү айкындоо жана конфискациялоо боюнча тийиштүү ыйгарым укуктар менен камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашууга киргизүү | 1) ФАТФнын сунуштамасына (3-С) жана эл аралык конвенцияларга дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш- аракеттер планынын 3-пунктунун «b» пунктчасын аткаруу үчүн | 2012-жылдын июль-августу | ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ, ЭККМК | ЭВФ, ЕАТ | Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору |
4. | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-1-беренесинин (Терроризмди каржылоо) жаңы редакциясы жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашууга киргизүү | 1) ФАТФнын сунуштамаларына (II АС жана 35-С) жана Терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияга дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш- аракеттер планынын 2- пунктунун «а», «b» жана «d» пунктчаларын аткаруу үчүн | 2012-жылдын июлу | Иштеп чыгуу: ФЧМК, ИИМ, УКМКАТБ | ЭВФ, ЕАТ | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-1-беренесинин (Терроризмди каржылоо) жаңы редакциясын караштырган мыйзам долбоору |
2012-жылдын августу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | |||||
2012-жылдын сентябры | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү | |||||
5. | Терроризмди каржылагандыгы жана кылмыштуу кирешелерди легализациялагандыгы (адалдагандыгы) үчүн юридикалык жактардын администрациялык, жарандык же кылмыш жоопкерчилигин белгилөө үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашууга киргизүү | 1) ФАТФнын сунуштамаларына (1, 35-С жана II АС) жана БУУнун эл аралык конвенцияларына (Вена жана Палерм) дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш- аракеттер планынын 1-пунктунун 3-пунктчасын жана 2-пунктунун 4-пунктчасын аткаруу үчүн | 2012-жылдын июлу | Иштеп чыгуу: ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ | ЭВФ, ЕАТ | Терроризмди каржылагандыгы жана кылмыштуу кирешелерди легализациялагандыгы (адалдагандыгы) үчүн юридикалык жактардын администрациялык, жарандык же кылмыш жоопкерчилигин караштырган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору |

6. | Башка мыйзамдык актыларга дал келтирүү үчүн «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын жана мыйзам долбоорлорунун топтомун иштеп чыгуу жана макулдашууга киргизүү | 1) ФАТФнын сунуштамасынын 2012-жылдын 16-февралындагы жаңы редакциясына дал келтирүү максатында; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын 5-пунктун аткаруу максатында; 3) ККЛА/ТЭК үчүн юридикалык жактардын жоопкерчилиги тууралуу ченемди белгилөө максатында; 4) Көзөмөлдөө органдарынын тизмесин, укуктарын жана милдеттерин аныктоо максатында, ошондой эле текшерүүлөр боюнча статистикалык маалыматтардын берилиши боюнча; 5) Террористтик активдердин мөөнөтсүз бир калыпта кармалышын аныктоо үчүн; 6) Террористтик жана экстремисттик ишине (терроризмди жана экстремизмди каржылоого) катышы бар жактардын тизмегин түзүү тартибин аныктоо максатында; 7) ФАТФнын сунуштамаларына (II, III АС жана 2-, 5-, 23-С) жана Эл аралык конвейцияларга дал келтирүү максатында; 8) ФАТФнын иш-аракеттер планынын 6-пунктунун «а» жана «b» пунктчаларын, 1-пунктунун «с» пунктчасын, 2-пунктунун «d» пунктчасын, 5-пунктунун «с» пунктчасын аткаруу үчүн; 9) 2012-жылдын апрелиндеги миссиянын жүрүшүндө ЕАТнын эксперттери тарабынан айкындалган кемчиликтерди жоюу үчүн | 2012-жылдын июлу | Иштеп чыгуу: ФЧМК, КРУБ (макулдашуу боюнча) | ЭВФ, ЕАТ | «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка мыйзам актыларынын долбоорлору |
2012-жылдын август-сентябрь | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | |||||

7. | «ККЛА/ТЭК байланыштуу кылмыш иштерин иликтөө маселелери боюнча укук коргоо органдары менен башка компетенттүү органдардын эриш- аркак аракеттешүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашууга киргизүү | 1) ФАТФнын сунуштамасына (3-С) жана Эл аралык конвенцияларга дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш-аракеттер планынын 3-пунктунун «b» жана «с» пунктчаларын аткаруу үчүн; 3) Укук коргоо органдарынын жана башка органдардын ушул чөйрөдөгү конкреттүү ыйгарым укуктарын, ошондой эле ККЛА/ТЭК менен- байланышкан каражаттарды (мүлктү, жабдыкты жана кылмыштуу кирешелерди) камакка алуу жана конфискациялоо жол-жоболорун аныктоо үчүн | 2012-жылдын август-сентябры | Иштеп чыгуу: ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ, ЭККМК, Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | ЭВФ | «ККЛА/ТЭК байланыштуу (кылмыш иштерин иликтөө маселелери боюнча укук коргоо органдары менен башка компетенттүү органдардын эриш-аркак аракеттешүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому |
2012-жылдын октябры | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | |||||
8. | Эл аралык экспертиза жүргүзүү жана зарыл болгон кезде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010- жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген «Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кардарды жана бенефициардык мүлк ээсин (пайдакечти) идентификациялоо жана верификациялоо жөнүндө жобону аягына чейин иштеп чыгуу | 1) ФАТФнын сунуштамасына (5-С) дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш-аракеттер планынын 4-пунктунун «а» пунктчасын аткаруу үчүн | 2012-жылдын 3-4-чейректери | ФЧМК, Мамфинкөзөмөл КРУБ (макулдашуу боюнча) | ЭВФ,ЕАТ | Экспертизанын натыйжалары тууралуу маалымкат жана тийиштүү сунуш |
9. | Банктык эсепти ачпастан акча каражаттарын жүзөгө ашыруучу жактарды лицензиялоо же каттоо маселелери боюнча КРУБнын ченемдик укуктук актысын (акча каражаттарын тез которуу системасын) иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 1) ФАТФнын сунуштамасына (23-С) дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш аракеттер планынын 5-пунктунун «с» пунктчасын аткаруу үчүн | 2012-жылдын июль-августу | Иштеп чыгуу: КРУБ (макулдашуу боюнча), ФЧМК | ЭВФ | Бул маселе боюнча ченемдик укуктук акт |
2012-жылдан сентябры | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү | |||||
10. | (БУУнун ККсынын 1267 жана 1373-резолюцияларына ылайык) террористтик активдерди бир калыпта кармоо боюнча ченемди жана бир калыпта кармалган каражаттарды бошотуу боюнча ченемди камтыган, ошондой эле ушул Жобонун аткарылышын контролдоо тартибин жана жоопкерчиликтин түрүн аныктаган «Акча каражаттарын же башка мүлктү жана аны менен болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) бир калыпта кармоо тартиби жөнүндө жобонун» жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашууга киргизүү | 1) ФАТФнын сунуштамасына (III АС) дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш-аракеттер планынын 6-пунктунун «а» жана «с» пунктчаларын аткаруу үчүн | 2012-жылдын 3-чейреги | Иштеп чыгуу: ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ | ЭВФ, БУУ КТК | Акча каражаттарын же башка мүлктү жана аны менен болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) бир калыпта кармоо тартиби жөнүндө жобо |
2012-жылдын3-чейреги | Өкмөттүн Аппаратына киргизүү | |||||
11. | ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы, анын ичинде террористтик активдерди бир калыпта кармоо боюнча талаптарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти жана санкцияларды тактоо жаатында Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашууга киргизүү | 1) ФАТФнын сунуштамасына (III АС) дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш-аракеттер планынын 6-пунктунун «с» пунктчасын аткаруу үчүн. | 2012-жылдын июлу | Иштеп чыгуу: ФЧМК, УКМК АТБ, Мамфинкөзөмөл | ЭВФ | «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору |
2012-жылдын июлу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | |||||

12. | Террористтик жана экстремисттик ишке катышы бар жактардын тизмесин ар дайым жаңыртып туруу жана ФЧМКнын сайтында жарыялоо тууралуу маселени чечүү | 1) ФАТФнын сунуштамасына (III АС) дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш-аракеттер планынын 6-пунктунун «а» пунктчасын аткаруу үчүн | Дайыма | ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ, ТИМ, Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | ЭВФ | ФЧМКнын сайтында жарыяланган (дайыма Жаңыртылып турган) Террористтик жана экстремисттик ишине катышы бар жактардын тизмеси |
13. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 95 токтому менен бекитилген «Алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартиби жөнүндө жобону» кайра карап чыгуу. | 1) ФАТФнын сунуштамасына (III АС) дал келтирүү максатында; 2) ФАТФнын иш-аракеттер планынын 6-пунктунун «b» пунктчасын аткаруу үчүн | 2012-жылдын 3-чейреги | ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ, ТИМ, Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | ЭВФ | «Алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартиби жөнүндө жобонун» жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча сунуш |
2012-жылдын 3-чейреги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | |||||
14 | «БУУнун ККсынын резолюцияларын аткаруу жана санкцияларды (контрчараларды) БУУнун ККсынын резолюцияларына ылайык колдонуу тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашууга киргизүү | 1) ФАТФнын сунуштамасына (III АС) дал келтирүү максатында; 2) Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн. | 2012-жылдын 3-чейреги | Иштеп чыгуу: ФЧМК, УКМК АТБ, ТИМ, ИИМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | ЭВФ, БУУ ККК, БУУ КТК, БУУ БКБ | «БУУнун ККсынын резолюцияларын аткаруу жана санкцияларды (контрчараларды) БУУнун ККсынын резолюцияларына ылайык колдонуу тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому |
2012-жылдын 4-чейреги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү | |||||
15. | «ФАТФнын ачык билдирүүлөрүн ишке ашыруу жана санкцияларды (контрчараларды) ФАТФнын ачык билдирүүлөрүнө ылайык колдонуу. тартиби тууралуу», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана макулдашууга киргизүү | Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында | 2012-жылдын 3-чейреги | Иштеп чыгуу: ФЧМК, КРУБ (макулдашуу боюнча), УКМК АТБ | ЭВФ, БУУ ККК, БУУ КТК, БУУ БКБ | «ФАТФнын ачык билдирүүлөрүн ишке ашыруу жана санкцияларды (контрчараларды) ФАТФнын ачык билдирүүлөрүнө ылайык колдонуу тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому |

16. | Юридикалык жактардын жана КЭУнун ККЛА/ТЭК пайдаланылышынын алдын алуу боюнча механизмди белгилөө максатында юридикалык жактарга жана коммерциялык эмес уюмдарга карата ченемдик укуктук базаны кайра карал чыгуу жана зарыл болгон кезде (коюлган талаптарды эске алуу менен) талдоо | 1) ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында; 2) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн | 2012-жылдын 3-4-чейректери | ФЧМК | ЭВФ, БУУ КТК | Тийиштүү сунуштар жана зарыл болгон кезде Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актысынын долбоору |
II. Эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү үчүн ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташуу механизмин өркүндөтүү | ||||||
17. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында иштей турган Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын жыйындарын өткөрүү | Төмөнкүдөй тапшырмаларды чечүү максатында: - тийиштүү координациялык механизмдерди иштеп чыгуу жана ККЛА/ТЭККА жаатындагы саясатты жана чараларды ишке ашыруу; - ЕАТ жана ФАТФ тарабынан келечектеги баалоолордун жана кийинки баяндамалардын алкагында киргизүү жана берүү үчүн маалымат чогултууну координациялоо; - аймактык жана эл аралык иш-чараларга (ЕАТ жана ФАТФ) тийиштүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусун координациялоо; - тийиштүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдары үчүн окуу программаларын координациялоо | 2012-жылдын июнунан 2015-жылга чейин | ФЧМК, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, ТЭК/КЛАКА боюнча комиссиянын мүчөлөрү |
| Комиссиянын жыйындары |
18. | Дүйнөлүк банктын көмөгү менен өткөрүлгөн семинардын жүрүшүндө алынган билимдердин негизинде тобокелдиктерди улуттук баалоону жүргүзүү | Тобокелдиктерди улуттук баалоо Кыргыз Республикасындагы ККЛА/ТЭК тобокелдиктерин айкындоо жана баалоо процессин жана ККЛА/ТЭККА боюнча натыйжалуу саясатты жана тобокелдикти баалоого негизделген ченемдик актыларды иштеп чыгуу үчүн тобокелдиктердин негизги булактарын жана стимуляторлорун талдоону өз ичине камтыйт. | 2012-жыл | ФЧМК, ТЭК/КЛАКА боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн өкүлдөрү, коммерциялык банктардын өкүлдөрү | ДБ, БУУ БКБ, ЕККУ, ЭВФ | Тобокелдиктерди улуттук баалоону өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу. Тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжалары жөнүндө отчёт |
19. | Так статистикалык маалыматтарды чогултуу, талдоо, каттоо жана таратуу үчүн натыйжалуу жол-жоболорду иштеп чыгуу жана киргизүү | ККЛА/ТЭККА маселелери боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу, талдоо, каттоо жана таратуу механизмин жөнгө салуу үчүн | 2012-2013-жылдар | ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ, ЭККМК, БКМК, Мамфинкезөмөл, МБК, ФМ алдындагы БМД, Мамкаттоо, КРУБ (макулдашуу боюнча) Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | ДБ, БУУ БКБ, ЭВФ | Отчёттуулуктун бирдейлештирилген формасы жана так статистикалык маалыматтар, ошондой эле аларды берүү механизми |
20. | Көзөмөлдөө органдарынын деңгээлинде эл аралык кызматташуу механизмдерин иштеп чыгып, киргизүү | Эл аралык сурамдарды оперативдүү жана сапаттуу аткаруу жана бир катар маселелер боюнча натыйжалуу эл аралык кызматташуу максатында | 2013-жыл | ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ, ЭККМК, БКМК, Мамфинкөзөмөл, МБА, ФМ алдындагы БМДЮМ Мамкаттоо, КРУБ (макулдашуу боюнча) | ДБ, БУУ БКБ, ЭВФ | ККЛА/ТЭККА чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы ведомстволор аралык келишимдер |
21. | Укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын деңгээлинде эл аралык кызматташуу механизмин иштеп чыгып, киргизүү | Эл аралык сурамдарды оперативдүү жана сапаттуу аткаруу жана ККЛА/ТЭККА менен байланышкан кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардамдашуу чөйрөсүндө натыйжалуу эл аралык кызматташуу максатында | 2013-жыл | ФЧМК, ИИМ, УКМК АТБ, ЭККМК, БКМК | ДБ, БУУ БКБ, ЭВФ | ККЛА/ТЭККА чөйрөсүндөгү укук коргоо органдарынын, прокуратура органдарынын ортосундагы ведомстволор аралык эл аралык келишимдер |
III. ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишин өркүндөтүү | ||||||
22. | Банктарды лицензиялоого коюлган талаптарды күчөтүү жана акционерлердин жана улук кызмат адамдарынын КРУБнын койгон талаптарына ылайыктуулугун бир кыйла толук текшерүүнү киргизүү жолу менен лицензиялоонун натыйжалуу жол-жоболорун камсыз кылуу үчүн зарыл элементтерди киргизүү. | ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында. | 2012-2013-жылдар | КРУБ (макулдашуу боюнча), ФЧМК | ЭВФ | Ушул маселе боюнча КРУБнын ченемдик укуктук актысы |
23. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтомуна дал келтирүү максатында жана ФАТФнын жаңы сунуштамаларын эске алуу менен ТЭК/КЛАКА боюнча ички контроль жөнүндө жобону кайра карал чыгуу жана бекитүү | ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында | 2012-жылдын 3-4-чейректери | КРУБ (макулдашуу боюнча), ФЧМК | ЭВФ | КРУБ тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу бардык субъекттер үчүн ККЛА/ТЭККА боюнча ички контроль жөнүндө жоболор |
24. | Коммерциялык банктарга карата тобокелдикти (ККЛА/ТЭККА тобокелдигинин индикаторлорун колдонуу жана тобокелдикти башкаруу механизмдерин баалоо) баалоого негизделген ыкманын алкагында документтик көзөмөлдөө системасынын негизги элементтерин иштеп чыгуу жана киргизүү | ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында | 2012-жылдын 3-4-чейректери | КРУБ (макулдашуу боюнча), ФЧМК | ЭВФ | КРУБнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү. |
2013-жылдын ичинде | Системанын апробациясы | |||||
25. | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, банктардагы продуктуларды жана кызматтарды инспектирлөө боюнча жетекчиликти кайра карал чыгуу жана жаңылоо | ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында | 2012-жылдын 3-4-чейректери | КРУБ (макулдашуу боюнча), ФЧМК | ЭВФ | КРУБнын тийиштүү ченемдик укуктук актысы |
26. | Лицензиялоо боюнча талаптардын алмашуу бюросу тарабынан аткарылышы жана ККЛА/ТЭККА боюнча чаралардын бир кыйла натыйжалуу колдонулушунун ушул сектор тарабынан камсыз кылынышы максатында алмашуу бюросуна көзөмөлдү күчөтүү | ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында. | 2012-жылдын июль-декабры | КРУБ (макулдашуу боюнча), ФЧМК | ЭВФ | КРУБ тарабынан өткөрүлгөн көзөмөлдөө иш-чаралары тууралуу отчёт. |
27. | ККЛА/ТЭККА маселелери боюнча документтик жана көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тобокелдикти баалоого негизделген ыкманы колдонуу жөнүндө КРУБнын тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлерин окутуу | ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында | 2012-2015-жылдар | КРУБ (макулдашуу боюнча), ФЧМКОУБ | ЭВФ, ДБ | КРУБнын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу |
28. | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун биргелешип иштеп чыгуу, санкцияларды колдонуу жана маалымат алмашуу маселелери боюнча ФЧМК менен ведомстволор аралык кызматташуунун натыйжалуу механизмин киргизүү жана ишке ашыруу | ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында | 2012-2015-жылдар | КРУБ (макулдашуу боюнча), ФЧМК | ЭВФ | ФЧМК менен КРУБнын ортосундагы макулдашууну ишке ашыруу |
29. | КРУБнын Инспектирлөө башкармалыгынын кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүү | ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында | 2012-жылдын 2-3-чейректери | КРУБ (макулдашуу боюнча) | ЭВФ | КРУБнын чечими |
IV. ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасын боюнча лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу субъекттердин ишин контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча көзөмөлдөө органдарынын ишин өркүндөтүү | ||||||
30. | Ушул чөйрөдө көзөмөлдөө ишин жүзөгө ашыруу тартиби, жөнүндө нускаманы иштеп чыгуу, макулдашуу жана киргизүү боюнча иш жүргүзүү жана жооптуу түзүмдүк бөлүктү аныктоо | ККЛА/ТЭККА чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын натыйжалуу контролдоо максатында | 2012-жыл | ФЧМК, Мамфинкөзөмөл , МБА, ФМ алдындагы БМД, Мамкаттоо, КРУБ (макулдашуу боюнча) | ДБ, ЭВФ | Көзөмөлдөө ишин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө ведомстволук нускамалар. |
31. | Маалыматтык материалдарды жарыялоо жана көзөмөлдө турган субъекттер үчүн брифинг өткөрүү | ККЛА/ТЭККА чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин жана ФАТФнын сунуштамаларын түшүндүрүү максатында. | 2012- 2015-жылдар | ФЧМК, Мамфинкөзөмөл, МБА, ФМ алдындагы БМД, Мамкаттоо, КРУБ (макулдашуу боюнча) | ДБ, ЭВФ | Маалыматтык материалдар жана брифингдер |
32. | Көзөмөлдөө ишин жүзөгө ашырууга жооптуу кызмат адамдарынын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чара өткөрүү жана ар бир сектор боюнча кадрларды даярдоонун атайын окуу программасын иштеп чыгуу жана көз карандысыздыгы тууралуу мыйзам менен белгилөө | ККЛА/ТЭККА чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын натыйжалуу контролдоо максатында. | 2012-2015-жылдар | ФЧМК, Мамфинкөзөмөл, МБА,ФМ алдындагы БМД, Мамкаттоо, КРУБ (макулдашуу боюнча) | ДБ, ЭВФ | Көзөмөлдөө ишин жүзөгө ашырууга жооптуу кызмат адамдарынын квалификациясын жогорулатуу жана ар бир сектор боюнча кадрларды даярдоонун атайын окуу программасы |
33. | Документтик жара көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тобокелдикти баалоого негизделген ыкманы колдонуу боюнча жооптуу кызматкерлерди окутуу | ККЛА/ТЭККА чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын натыйжалуу контролдоо максатында | 2012-2015-жылдар | ФЧМК, Мамфинкөзөмөл, МБА, ФМ алдындагы БМД, Мамкаттоо, КРУБ (макулдашуу боюнча) | ДБ, ЭВФ | Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу |
34. | Тобокелдикти баалоонун негизинде ыкманы колдонуу менен көзөмөлдөө ишинин системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | ККЛА/ТЭККА чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын натыйжалуу контролдоо максатында. | 2012-2015-жылдар | ФЧМК, Мамфинкөзөмөл, МБА, ФМ алдындагы БМД, Мамкаттоо, КРУБ (макулдашуу боюнча) | ДБ, ЭВФ | Тобокелдикти баалоонун негизинде ыкманы колдонуу менен көзөмөлдөө ишин жүзөгө ашыруу |
V. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды натыйжалуу аткаруу маселелери боюнча ишин өркүндөтүү | ||||||
35. | ФЧМКнын өз алдынчалуулугу жана көз карандысыздыгы тууралуу мыйзам менен белгилөө | ФАТФнын Сунуштамасына (26-С) дал келтирүү максатында | 2012-жылдын 3-4-чейректери | ФЧМК | ЭВФ | «ККЛА/ТЭККА жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору |
36. | ФЧМКнын техникалык жактан жабдылышын жакшыртуу максатында финансылык каражаттар менен жетиштүү камсыз кылуу үчүн тийиштүү иш жүргүзүү | ФАТФнын сунуштамасына (26-С) дал келтирүү максатында | 2012-2015-жылдар | ФЧМК | ЭВФ | «2012-2015-жылдарга республикалык бюджет жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому |
37. | ФЧМКда кызмат өтөө боюнча талапты жана маалыматтын купуялуулугу боюнча стандарты мыйзам менен белгилөө | ФАТФнын сунуштамасына (26-С) дал келтирүү максатында | 2012-жылдын 3-4-чейректери | ФЧМК | ЭВФ | «ККЛА/ТЭККА жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору |
38. | Билдирүүлөрдү чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо системасын өркүндөтүү, анын ичинде ушул чөйрөдө (АРМ) программалык камсыздоо | Колдонуудагы маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу системасын өркүндөтүү максатында | 2012-жылдын 3-4-чейректери | ФЧМК | ЭВФ | Билдирүүлөрдү чогултуунун, иштеп чыгуунун жана талдоонун натыйжалуу системасы, анын ичинде программалык камсыздоо |
39. | Чектик суммадан ашкан операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү чогултуу системасын өркүндөтүү, анын ичинде техникалык жана программалык камсыздоо | Колдонуудагы маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу системасын өркүндөтүү максатында | 2012-жылдын 3-4-чейректери | ФЧМК | ЭВФ | Чектик суммадан ашкан операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү чогултуунун натыйжалуу системасы |
40. | Шектүү операциялар тууралуу билдирүүлөрдү (ШОБ) оперативдик, тактикалык жана стратегиялык талдоону жүргүзүү, ошондой эле иштеп чыгуу маселелери боюнча адистештирилген, окууларды өткөрүү жолу менен ФЧМКнын аналитиктеринин потенциалын арттыруу жана программалык камсыздоону өркүндөтүү | ФЧМКнын аналитиктеринин квалификациясын жогорулатуу максатында. | 2012-2015-жылдар | ФЧМК | ЭВФ | Шектүү операциялар тууралуу билдирүүлөрдү (ШОБ) иштеп чыгуунун жана талдоонун натыйжалуу системасы |
41. | Финансылык, администрациялык жана укук коргоочулук маалыматты чогултуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматтар базасына жетүү системасын өркүндөтүү | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын колдонуудагы маалыматтар базасына жетүү системасын өркүндөтүү максатында | 2012-2013-жылдар | ФЧМК | ЭВФ | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматтар базасына жетүүнүн натыйжалуу системасы |
42. | Отчёт берүүгө милдеттүү жактар менен байланышты сактоонун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү | Колдонуудагы отчёт берүүгө милдеттүү жактар менен кери байланышты сактоо механизмин өркүндөтүү максатында | 2012-2015-жылдар | ФЧМК | ЭВФ | Отчёт берүүгө милдеттүү жактар менен ФЧМКнын кери байланышын сактоонун натыйжалуу механизми |
43. | ККЛА/ТЭК менен байланышкан эл аралык сурамдарды иштеп чыгуу боюнча натыйжалуу ишти жүзөгө ашыруу маселелери боюнча ФЧМКнын потенциалын кеңейтүү | ККЛА/ТЭК менен байланышкан эл аралык сурамдарды иштеп чыгууну жакшыртуу максатында | 2012-2015-жылдар | ФЧМК | ЭВФ | Эл аралык сурамдарды иштеп чыгуу боюнча натыйжалуу механизм |
44. | - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашуу; - отчёт берүүгө милдеттүү жактар үчүн санкцияларды макулдашып колдонуу; - шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жана ФЧМК тарабынан алынган башка маалыматты талдоону камтыган дайымкы отчётторду даярдоо; - көзөмөлдөө органдарынан текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын алуу максатында КРУБ менен башка көзөмөлдөө органдарынын маалымат алмашуу жана координациялоо механизмин күчөтүү | ФЧМК менен көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы ишти координациялоону жакшыртуу максатында. | 2012-2015-жылдар | ФЧМК, ТЭК/КЛАКА боюнча | ЭВФ | КРУБ менен башка көзөмөлдөө органдарын координацияланышынын жана маалымат алмашуусунун натыйжалуу механизми жана ФЧМК менен көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы жаңы макулдашуулар |
VI. ТЭК/КЛАКА маселелери боюнча укук коргоо органдарынын, прокуратура органдарынын, сот жана бажы органдарынын ишин өркүндөтүү | ||||||
45. | ФЧМК тарабынан даярдалган жалпыланган маалыматтардын санын көбөйтүү жана аларды даярдоонун жана карап чыгуунун сапатын жакшыртуу үчүн ФЧМК менен укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын жана сот органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү | ФЧМК менен башка мамлекеттик органдардын ортосундагы ишти координациялоону жакшыртуу максатында | 2012-2015-жылдар | ФЧМК, УКМК, ИИМ, ЭККМК, БКМК, Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | ДБ, БУУ БКБ, ЭВФ | Координациялоонун жөнгө салынган механизми |
46. | ККЛА/ТЭК менен байланышкан кылмыш иштерин иликтөө жана карап чыгуу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын түзүмдүк бөлүктөрү үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүү жана аларды окутуу боюнча тийиштүү программаларды иштеп чыгуу | Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында | 2012-2015-жылдар | ФЧМК, УКМК, ИИМ, ЭККМК, Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | ДБ, БУУ БКБ, ЭВФ | Адистештирилген окутуу программалары |
47. | ККЛА/ТЭК фактыларын жазыктык жактан иликтөө боюнча, ошондой эле эл аралык сурамдарды (ККЛА/ТЭК менен байланышкан кылмыш иштери боюнча укуктук жактан өз ара жардамдашуу жана экстрадициялоо тууралуу сурамдарды) жиберүү жана канааттандыруу үчүн Башкы прокуратуранын потенциалын күчөтүү боюнча иш жүргүзүү | ККЛА/ТЭК менен байланышкан кылмыш иштери боюнча мамлекеттик айыптоонун жана эл аралык кызматташуунун сапатын жакшыртуу үчүн | 2012-жылдын июлунан 2015-жылга чейин | ФЧМК | ДБ, БУУ БКБ, ЭВФ | ККЛА/ТЭК менен байланышкан кылмыш иштери боюнча мамлекеттик айыптоонун жана эл аралык кызматташуунун сапаты |
48. | ККЛА/ТЭК менен байланышкан кылмыш иштеринин иликтенишин жана каралып чыгышын натыйжалуу көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жооптуу түзүмдүк бөлүктү аныктоо тууралуу сунуш киргизүү жана аларды окутуу боюнча тийиштүү программаларды иштеп чыгуу | Кадрларды максаттуу даярдоо үчүн | 2012-2013-жылдар | ФЧМК, БУУ БКБ ЭВФ | ДБ, БУУ БКБ, ЭВФ | ККЛА/ТЭК менен байланышкан кылмыш иштеринин иликтенишин жана каралып чыгышын натыйжалуу көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу үчүн түзүмдүк бөлүктү аныктоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына сунуш киргизүү. Окутуу боюнча программалар |
VII. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү юридикалык жактардын жана юридикалык бирдиктердин (трасттар, кайрымдуулук уюмдары жана фонддор сыяктуу) ишинин ачык-айкындуулугун эл аралык стандарттарга ылайык күчөтүү | ||||||
49. | Бенефициардык мүлк ээлери тууралуу ачык-айкындуулукту камсыздоо жана алардын кылмыштуу максаттарда пайдаланылышынын алдын алуу максатында, юридикалык жактар тууралуу маалыматты берүү жана аныктоо боюнча колдонуудагы мыйзамдарды кайрадан талдап чыгуу жана зарыл болгон учурда аларга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү | ФАТФнын сунуштамасына дал келтирүү максатында | 2012-жылдын ноябрынан 2014-жылдын майына чейин | ФЧМК, ТЭК/КЛАКА боюнча комиссия | ДБ, БУУ БКБ | Ушул маселе боюнча ченемдик укуктук акт |
50. | Бардык коммерциялык эмес уюмдар эл аралык стандарттарда (иштиктүү жана этикалык талаптарга ылайыктуулугун баалоонун каалагандай критерийлерин кошкондо) каралган тийиштүү жол-жоболорду колдонуу менен катталышын камсыздоо | ФАТФнын сунуштамаларына дал келтирүү максатында. | 2012-2015-жылдар | ФЧМК, ЮМ, ТЭК/КЛАКА боюнча комиссия | ДБ, БУУ БКБ | Ушул маселе боюнча ченемдик укуктук акт |
VIII. Терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелеринде отчёт берүүгө милдеттүү жактардын жана коомчулуктун маалыматтуулугунун деңгээлин көтөрүү | ||||||
51. | Отчёт берүүгө милдеттүү жактар үчүн кери байланыш механизми жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу, макулдашуу жана киргизүү боюнча иш жүргүзүү | ФАТФнын сунуштамасына дал келтирүү максатында | 2013-2015-жылдар | ФЧМК, Мамфинкөзөмөл, МБА, ФМ алдындагы БМД, Мамкаттоо, КРУБ (макулдашуу боюнча) | ЭВФ, ДБ, БУУ БКБ | Отчёт берүүгө милдеттүү жактар үчүн кери байланыш механизми жөнүндө жобо |
52. | ККЛА/ТЭК типологиялары боюнча отчёт берүүгө милдеттүү жактар үчүн окууларды иштеп чыгып, өткөрүү | ФАТФнын сунуштамасына дал келтирүү максатында | 2013-2015-жылдар | ФЧМКОУБ, ИИМ, УКМК АТБ, ЭККМК, БКМК, Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | ЭВФ, ДБ, БУУ БКБ | ККЛА/ТЭК типологиялары боюнча отчёт берүүгө милдеттүү жактар үчүн өткөрүлгөн окутуу иш-чараларынын саны |
53. | ККЛА/ТЭККА маселелери боюнча коомчулук менен байланышуу программасын иштеп чыгуу | ФАТФнын сунуштамасына дал келтирүү максатында | 2013-2015-жылдар | ФЧМК, ТЭК/КЛАКА боюнча комиссия | ЭВФ, ДБ БУУ БКБ | ККЛА/ТЭККА маселелери боюнча коомчулук менен байланышуу программасы |
54. | Бардык мамлекеттик мекемелер жана жеке сектор үчүн ФАТФнын сунуштамаларынын жаңы редакциясын окуп-үйрөнүү жана практика жүзүндө колдонуу боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүү | ФАТФнын сунуштамаларын ишке ашыруу максатында | 2012-жылдын июнунан 2015-жылга чейин | ФЧМКОУБ, ТЭК/КЛАКА боюнча комиссия | ЭВФ, ДБ БУУ БКБ | Өткөрүлгөн окутуу иш-чараларынын саны |
Шарттуу кыскартуулардын мааниси:
УКМК АТБ | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Терроризмге каршы борбору; |
АБР | - Азия өнүктүрүү банкы; |
ДБ | - Дүйнөлүк банк; |
БДБУ | - Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму; |
Жогорку Сот | - Кыргыз Республикасынын Жогорку соту; |
МБА | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги; |
Мамфинкөзөмөл | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; |
МКК | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; |
ЭККМК | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат; |
БКМК | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат; |
ФЧМК | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы; |
МБК | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
БМД | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти; |
ЕАТ | - Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун катчылыгы; |
ТЭК/КЛАКА боюнча комиссия | - Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия; |
БУУ ККК | - БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1267 (1999) жана 1989-резолюциясы (2011) менен түзүлгөн БУУнун Коопсуздук кеңешинин комитети; |
БУУ КТК | - БУУнун Контртеррористтик комитети; |
ККЛА/ТЭК | - Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) же террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо; |
ИИМ | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ЭВФ | - Эл аралык Валюта Фонду; |
ТИМ | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ЭМСМ | - Кыргыз Республикасынын .Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги; |
ЮМ | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
КРУБ | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; |
ЕККУ | - Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм; |
Отчет берүүгө милдеттүү жактар | «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн маалымат берүүчү жактар; |
ККЛА/ТЭККА | - Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) же террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү; |
С. | - ФАТФнын сунуштамасы (эски редакциясында); |
АС | - ФАТФнын атайын сунуштамасы (эски редакциясында); |
ФЧМК ОУБ | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борбору; |
БУУ БКБ | - БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы; |
ФАТФ | - FATF катчылыгы (Financial Action Task Force on Money Laundering) - Акчаларды адалдоо менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуучу эл аралык топ (ФАТФ). |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ