Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 9-октябры № 489-б
Жер жүзүндө илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форумду 2013-жылы Бишкек шаарында өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Сарпашев Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Абдылдаев Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Атаджанов С.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
|
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Осмоналиев С.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Муралиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Кожошев А.О. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Касымалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
|
Каденова З.А. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
|
Нуралиев М.А. | - Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
|
Абдылдаев Ш.И. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Казаков Д.Б. | - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору;
|
Жээнбаев Б.М. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология топурак таануу институтунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Эрмек Жанат | - Бишкек шаарынын мэриясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
|
Раев С.А. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
|
Абдразаков И.А. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Мусабаева А. | - Кыргыз Республикасынын Туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
|
Үмөталиев Э.С. | - «Кыргызконцепт» компаниясынын президенти (макулдашуу боюнча);
|
Аттокуров А.К. | - Бишкек ишкерлер клубунун эксперти (макулдашуу боюнча);
|
Александр Кремер | - Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы офисинин башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Кушлин А. | - Дүйнөлүк банктын Глобалдуу жолборс демилгесинин программалык координатору (макулдашуу боюнча);
|
Миленин С. | - Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча улук адиси (макулдашуу боюнча);
|
Тихомиров Б. | - Германиянын жаратылыш коргоо союзунун (NABU) Борбордук Азиялык программаларынын директору (макулдашуу боюнча);
|
Асыкулов Т. | - Кыргыз Республикасындагы Германиянын жаратылыш коргоо союзунун (NABU) филиалынын директору (макулдашуу боюнча);
|
Ибрагимов Д. | - БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана табигый кырсыктар коркунучун башкаруу боюнча программаларынын координатору (макулдашуу боюнча);
|
Кубанычбек Жумабай уулу | - Кыргыз Республикасындагы Сноу Леопард Траст (SLT) программасынын координатору (макулдашуу боюнча);
|
Балбакова Ф. | - Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо Фонду долбоорлорунун (WWF) улуттук координатору (макулдашуу боюнча);
|
Арстанбекова А. | - CSR Business Network (СиЭсАр Бизнес Нетворк) директору (макулдашуу боюнча). |
2. Уюштуруу комитети;
- Секретариат жана жумушчу топ түзсүн;
- Секретариаттын курамы уюштуруу комитетинин биринчи жыйынында аныкталсын;
- Секретариаттын ишин каржылоо кызыкдар болгон эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети ишке министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу - техникалык жактан камсыз кылууга жооптуу болуп аныкталсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө - жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |