Редакцияот 10.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 10-октябры № 492-б

Кыргыз Республикасынын залкар комузчусу Болуш Мадазимовдун 85 жылдык юбилейлик иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Талиева К.А.

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

 

Жунусов И.К.

- Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

 

Жолдошова Ж.А.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Абдрахманов Ш.

- Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР» телерадиоберүү компаниясынын директору;

 

Аманова Р.А.

- Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин консерваториясынын директору (макулдашуу боюнча);

 

Жээнбеков М.Ш.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Манас Осмон - «Эркин Too» гезитинин башкы редактору

 

Матраимов Т.И.

- Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким;

 

Мырзакматов М.Ж.

- Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

 

Орунбеков Б.

- «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору, башкы редактору;

 

Оторбаев К.Т.

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Өмүркулов И.Ш.

- Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).

 

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев