Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-октябры № 497-б
Шералы Назаркулов атындагы коомдук фондго мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана анын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Шералы Назаркулов атындагы коомдук фондго Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 "А" дарегинде жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттын № 716 кабинетин (аянты 13,5 кв.м) Шералы Назаркулов атындагы музейди жайгаштыруу үчүн жана Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 "Б" дарегинде жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттын № 702/3 кабинетин (аянты 19,1 кв.м) кызматтык пайдалануу үчүн коммуналдык кызматтарга жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен, кайтарымсыз пайдалануу келишиминин шарттарында белгиленген тартипте бекитип берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |