Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-октябры № 503-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтык тууралуу макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтык тууралуу
Макулдашуу
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги,
кызматташтыктын жана өз ара кызыкчылыктын духунда терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан маалыматты алмашууга көмөктөшүүнү каалап,
терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) эффективдүү каршы күрөшүү максатында, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Тараптар терроризмди каржылоо жана/же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана/же алар менен байланышкан кылмыштуу иш менен байланыштуу деген шектенүүлөр бар болгон финансылык операциялар тууралуу өздөрүндө болгон маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо стадияларында кызматташтыкты жүзөгө ашырышат.
Ушул максаттарда Тараптар өз демилгеси же сурамы боюнча Тараптардын бири өткөргөн финансылык иликтөөгө (финансылык мониторингге) тиешеси бар, терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан финансылык операциялардын материалдары боюнча, ошондой эле буга тартылган жеке же юридикалык жактардын иши боюнча маалыматты алмашууну жүзөгө ашырышат.
Маалыматты суроо, сурамдын себебин, маалыматтын пайдаланылыш максаттарын, суралган Тарап сурамдын аткарылышы мамлекетинин улуттук мыйзамдарына жана мамлекети катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык келээрин аныктай алышы үчүн мүмкүндүк берген, ошондой эле зарыл маалыматты кошо алганда, негизги фактылардын кыскача сыпаттамасы менен негизделет.
2-берене
Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматты Тараптар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү максатында пайдаланат, эгер Тараптар башка нерсени макулдашпаса, ачыкка чыгарбайт жана үчүнчү Тарапка өткөрүп бербейт.
3-берене
Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалымат купуя болуп саналат, жана андай маалыматты алган Тарап мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык анын сакталышын камсыз кылат.
Ушул макулдашууну колдонуу токтотулган учурда, ушул берененин жоболорун Тараптар ушул Макулдашуу колдонгон мезгилде алынган бардык маалыматтарга жана документтерге карата колдонот.
4-берене
Тараптар мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык кызматташтыкты, анын ичинде маалымат алмашуу тартибин чогуу аныкташат жана ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу маселелери боюнча зарыл консультацияларды өткөрүшөт.
5-берене
Тараптардын ортосундагы кызматташтык, маалыматты, сурамга болгон жоопторду, маалыматты жана билдирмелерди алмашууну кошо алганда, орус тилинде жүзөгө ашырылат.
6-берене
Төмөнкүдөй учурларда Тараптар маалымат берүүдөн баш тартып коё алышат, эгерде:
(1) сурамда көрсөтүлгөн фактылар боюнча жазык сот өндүрүшү жүрүп жаткан болсо,
(2) маалыматтын берилиши берүүчү Тараптын мамлекетинин коопсуздугуна, коомдук тартипке жана улуттук кызыкчылыктарга зыян келтириши мүмкүн болсо, же болбосо Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана алар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге карама-каршы келе турган болсо.
7-берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө/колдонууга байланыштуу бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы консультациялар/сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8-берене
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча, ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүктөрү болуп саналган, ушул Макулдашуунун 9-беренесинде каралган тартипте күчүнө кире турган, өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
9-берене
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою колдонушат. Эгер Тараптардын эч бири учурдагы беш жылдык мезгил аяктаганга чейин кеминде 6 ай калганда ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу тууралуу ниетин экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирбесе, аны колдонуу кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
________________ шаарында 20 ______ -жылдын «____»____________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн _____________________________ | Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги үчүн _____________________________ |