Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 19-октябры № 508-б
«Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана мамлекеттик материалдык резервдеги аштык буудайдын запасын толуктоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясынан акысыз жардам катары келүүчү 20,0 миң тонна көлөмдөгү аштык буудайды кабыл алсын жана мамлекеттик резервге койсун.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аштык буудайды кабыл алуу жана сактоо процессинде анын сапатына лабораториялык контролду камсыздасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын техникалык шарттарынын талаптарына ылайык аштык буудайдын сапаты сакталышын камсыздоо боюнча ишти уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аштык буудайды кабыл алуу боюнча документтерди тариздөөгө, түшүрүү иштерине байланыштуу чыгымдарга төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун 2012-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы аштык буудай салынган вагондорду түшүрүү үчүн тез берүүнү камсыздасын жана вагондор туруп калган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун айыптык санкциялардан бошотсун.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |