Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 24-октябры № 512-б

Кытай эл Республикасынын өкүлдөрү менен «Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун 220-232 км жана 248-360 км участогун реабилитациялоо», «Бишкек-Балыкчы автомобиль жолунун Кувакы ашуусунан бурулуштагы 147 км баштап 172 км, Балыкчы шаарына чейинки участогун реабилитациялоо» жана «Бишкек-Нарын-Торугарт айланма автомобиль жолунун 9 км баштап «Манас» эл аралык аэропортундагы тегерек тоомго чейинки участогун реабилитациялоо» долбоорлорун (мындан ары - долбоорлор) ишке ашырууну каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрго катышуу үчүн:

1. Кытай тарап менен жогоруда аталган долбоорлорду каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык топ түзүлсүн:

 

Султанов К.И.

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

 

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

 

Исаев Ж.К.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «СДПК» фракциясынан депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Пирматов И.А.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика» фракциясынан депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Бадыкеева Н.Н.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ар-Намыс» фракциясынан депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Досалиев А.А.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Мекен» фракциясынан депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Жолдошева Ж.А.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынан депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Байгончоков М.К.

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

 

Адамкулова С.Э.

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

 

Муканбетов С.Т.

- Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;

 

Садакбаев Т.У.

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча);

 

Абакиров М.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн башчысы.

 

2. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга укук берилсин.

3. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын адистерин жана көз каранды эмес эксперттерди өзүнүн ишине тартууга укуктуу экени белгиленсин.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев