КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-майы № 161-б
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 57-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "эл аралык кызматташтык бөлүмүнө" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |