КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 31-октябры № 524-б
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорунун аймактарында иштеп жатышкан кен иштетүүчү компаниялардын иштеринин Кыргыз Республикасынын экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздук тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайыктыгын изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:
Артыкбаев О.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, комиссиянын төрагасы.
|
Комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Касымалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
|
Сыдыгалиев Н.О. | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
|
Ибраев К.И. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Асанов К.С. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
|
Чунуев И.К | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
|
Атаджанов С.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Нарбаев К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
|
Абдикаримов С.Т. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору;
|
Жайлообаев А.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун биринчи орун басары;
|
Төрөмаматов Ж.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал- Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. |
2. Комиссия Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорунун аймактарында пайдалуу казындыларды иштетип жаткан кен иштетүүчү компаниялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын экологиялык жана техникалык талаптарын аткаруу боюнча иштерин жерине баруу менен бир айдын ичинде изилдесин жана иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
3. Комиссияга төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын кызматкерлерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
- иштин процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан керектүү маалыматтарды суроого.
4. Командировкага байланыштуу чыгымдар жиберген уюмдардын каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу белүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |