Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 6-ноябры № 533-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы № 18 «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык:
1. Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Талиева К.А. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Садыков К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Раев С.А. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
|
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Лаврова О.В. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Жунусов И.К. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри;
|
Султанов К.И. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри;
|
Абдылдаев Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
|
Атаханов Ш.Е. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу;
|
Каденова З.А. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
|
Өмүркулов И.Ш. | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
Азыранкулов А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Эркебаев А.Э. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын президентинин милдетин аткаруучу;
|
Исамидинов И.Ч. | - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;
|
Исаков К. А. | - Ош мамлекеттик университетинин ректору;
|
Чоротегин Т.К. | - «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
|
Оторбаев К.О. | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Абдрахман уулу Ш. | - Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР» телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Орунбеков Б.О. | - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору-башкы редактору;
|
Слащёва Т.М. | - «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн директору-башкы редактору;
|
Чекиров К. | - «Кутбилим» гезитинин редактору. |
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бир жумалык мөөнөттө Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Иш-чараны өткөрүүгө байланышкан чыгымдар Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атайын каражаттарынын чегинде, ошондой эле тартылган демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржылансын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |