Редакцияот 06.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 6-ноябры № 534-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун 3-тиркемесинде:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;";

- үчүнчү абзацтагы "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри (энергетика объектилери боюнча);".

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев