Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 8-ноябры № 535-б
1. «Айылдык инвестициялардын экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Лаврова О.В. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
|
Иманалиев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Келдибеков А.К. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Нышанов С.К. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Сариев Т.А. | - Кыргыз Республикасынын экономика министри;
|
Султанов К.И. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
|
Узакбаев Ч.М. | - Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы жана мелиорация министри;
|
Оторбаев Э.М. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
|
Байгончоков М.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Ибраимова Э.С. | - Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору;
|
Мурзаев К.С. | - Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги. |
2. Делегациянын жетекчисине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр | Ж. Оторбаев |