Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 8-ноябры № 536-б
1. Кыргыз Республикасы менен Азиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасынын чек ара кызматын жакшыртуунун региондук долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Лаврова О.В. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри, расмий делегациянын жетекчиси;
|
Муканбетов С.Т. | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, расмий делегациянын жетекчисинин орун басары;
|
Абдыгулов Т.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
|
Байгончоков М.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Оторбаев Э.М. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
|
Кулматов К.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
|
Тиленов З.К. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин кол башчысы;
|
Жакыпов К.Д. | - Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы «Тышкы саясат чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
|
Мурзаев К.С. | - Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Токтоматов Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин инвестициялар башкармалыгынын донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы. |
2. Расмий делегациянын жетекчисине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр | Ж. Оторбаев |