Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-ноябры № 537-б
2012-жылдын 13-15-ноябрында Берлин шаарында (ГФР) боло турган Кыргызстандагы немистердин иштери боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-герман комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) сегизинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлөгү төмөнкү курамда бекитилсин:
Оторбаев Эринес Мотоевич | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
|
Отунбаев Болот Исакович | - Кыргыз Республикасынын ГФРдагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси;
|
Исмаилов Мурат Аманович | - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
|
Умаралиев Сулейман Кенжаевич | - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
|
Төлөгөнов Данияр Өмүрсадыкович | - Кыргыз Республикасынын ГФРдагы Элчилигинин биринчи катчысы;
|
Диль Валерий Исидорович | - Кыргыз Республикасындагы Немис элдик кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Шмидт Николай Николаевич | - Кыргыз Республикасындагы Немис элдик кеңешинин жаштар иштери боюнча референти (макулдашуу боюнча);
|
Турсумбаева Айнура Рыспаевна | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөр департаментинин биринчи катчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы. |
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына белгиленген тартипте республиканын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга укук берилсин.
3. Суткалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |