Редакцияот 15.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 15-ноябры № 539-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда дүң кирешеге салык боюнча 30 (отуз) миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү алдын ала сумманы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому тарабынан төлөөсү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөргө байланыштуу:

1. Дүң кирешеге салык боюнча алдын ала төлөө тууралуу ырастаманын тиркелген долбоору (мындан ары - Ырастаманын долбоору) жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына Ырастаманын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев