Редакцияот 21.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 21-ноябры № 543-б

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу же убактылуу болгон жерлерде алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди сапаттуу аткаруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын аскердик ок атуучу жайын болгон материалдык-техникалык базасы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкы башкармалыгынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев