КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-ноябры № 546-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык Союздун Комиссиясынын ортосундагы "Борбордук Азия үчүн региондук экологиялык программа - EURECA (DCI-ASE/2009/021-337)" программасы боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун № 1 толуктоосунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директоруна жогоруда аталган документке кол коюуга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |