Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-ноябры № 549-б
Бишкек шаарынын ЖЭБине зарыл маркадагы көмүрдү ташып келүү мөөнөтү кечигип жаткандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын тургундарына электр, жылуулук энергиясын жана ысык сууну үзгүлтүксүз берүү максатында, ошондой эле "Электр станциялары" ачык акционердик коомундагы иш жүзүндө түзүлгөн финансылык кырдаалды эске алып:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-мартындагы № 76-б буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пунктта:
"2012-жылдын 1-октябрына чейин" деген сөздөр жана цифралар "2013-жылдын 1-апрелине чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
"ачык акционердик коому" деген сөздөрдөн кийин "пролонгация кылуу укугу жок" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункттагы "реалдуу сектор жана инфраструктура" деген сөздөр "өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |