Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-ноябры № 555-б
2011-жылдын 25-ноябрында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте төмөнкү шарттарда 10,1 млн. АКШ доллары суммасына Бишкек шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашуу түзсүн:
- кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка - Euribor + 1% жана маржа 1%;
- сатып алынуучу троллейбустар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда бир жолу ар бир жылдын 25-январында жана 25-июлунда 16 барабар бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти биринчи жолу төлөө 2014-жылдын 25-январы жана кредитти тындыруунун акыркы датасы 2021-жылдын 25-июлу;
- төлөм кармалган учурда айып санкциялары мөөнөтү өтүп кеткен карыз пайда болгон учурдан тартып ушул карызды толук тындыруу датасына чейин - Euribor + жылдык 5%;
- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5% комиссия;
- эсепти ачкандыгы үчүн кредиттин суммасынан 1% комиссия.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |