Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-ноябры № 558-б
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фондусунун ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Лаврова О.В. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри, расмий делегациянын жетекчиси;
|
Исаков Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Баатырбеков А.Б. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Сабиров М.Э. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Байгөнчөков М.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Жумалиев А.Т. | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
|
Кенжетаева А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин атташеси;
|
Мурзаев К.С. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Айылчиев М.А. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын өлчөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу секторунун башкы адиси. |
2. Делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |