Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 27-ноябры № 559-б
"Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Азия Өнүктүрүү Банкынын кредити боюнча 1998-жылдагы Субсидиялык заем жөнүндөгү макулдашуу боюнча "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коому алган кредиттин 255668495,92 сом (эки жүз элүү беш миллион алты жүз алтымыш сегиз миң төрт жүз токсон беш сом 92 тыйын) көлөмдөгү негизги суммасы боюнча карыздын калдыгынын төлөө мөөнөтүн төмөндөгүдөй шарттарда узартсын (пролонгацияласын):
- кредиттин негизги суммасы боюнча калдыгын тындырууга 2017-жылдын 10-ноябрына чейин жеңилдетилген мөөнөт берсин;
- кредиттин негизги карызын бир жылда эки жолу, 10-ноябрда жана 10-майда бирдей бөлүктөрдө 2017-жылдын 10-ноябрынан баштап 2025-жылдын 10-ноябрына чейин тындыруу мөөнөтүн белгилесин;
- Азия Өнүктүрүү Банкынын кредити боюнча 1998-жылдагы Субсидиялык заем жөнүндөгү макулдашууга кошумча макулдашууну "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ачык акционердик коому менен бир айлык мөөнөттө тариздесин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |