КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-ноябры № 561-б
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо" долбоору боюнча 2007-жылдын 7-августунда кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-октябрындагы № 460 Жарлыгы менен ратификацияланган, ага ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому (мындан ары - "Кыргызтелеком" ААКы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык башкармалыктарын маалыматтардын борбордук базасы менен туташтыруу максатында жазылуучулар үчүн жеткиликтүү кубаттуулуктагы санариптик линияларды берээри кепилдикке алынган Гранттык макулдашууну ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Азия өнүктүрүү банкынын "Кыргыз Республикасында салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруунун алкагында сатып алынган байланыштын булалуу оптикалык линиясын төшөө үчүн материалдарды жана жабдууларды "Кыргызтелеком" ААКынын балансына өткөрүп берсин.
2. "Кыргызтелеком" ААКына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан сатып алынган байланыштын булалуу оптикалык линиясын төшөө үчүн материалдарды жана жабдууларды балансына кабыл алуу;
- байланыштын булалуу оптикалык линиясын "Кыргызтелеком" ААКынын региондук офистеринен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын региондук башкармалыктарына чейин төшөөнү жүргүзүү;
- ушул пунктта көрсөтүлгөн байланыш линияларын андан ары техникалык тейлөөнү камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана "Кыргызтелеком" ААКы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн материалдарды жана жабдууларды өткөрүп берүү жана кабыл алууга байланыштуу зарыл чараларды көрүүнү камсыз кылышсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |