Редакцияот 03.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 3-апрели №124-б

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Биймырза калктуу конушунун (мындан ары - Биймырза калктуу конушу) жүргүнчүлөр каттамын жана көчөлөрүнүн абалын жакшыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги оперативдүү башкаруу укугу менен белгиленген тартипте:

- Биймырза калктуу конушунун төмөнкү көчөлөрүн баланска кабыл алсын:

К.Момбеков атындагы, узундугу 1300 метр;

Ч.Пазылов атындагы, узундугу 1300 метр;

Биймырза калктуу конушунун аймагында жайгашкан, жогоруда аталган көчөлөрдү оорукана менен туташтырган аты жок көчөнү, узундугу 700 метр (мындан ары - көчөлөр);

- 2012-жылдын биринчи жарымынын ичинде жогоруда аталган көчөлөрдү капиталдык ремонттоонун долбоорун даярдасын;

- 2012-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде жогорудагы көчөлөрдү капиталдык ремонттоону камсыз кылсын.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов