Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-апрели № 127-б
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, Жалал-Абад облусунун токой чарбасында сакталып турган жаңгак уюлдарын жок кылуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселелерин карап чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - КЧКТМА) директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Кысанов А.К. | - | КЧКТМАнын токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бекешев Д.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Умарбеков А.Э. | - | Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Шералиев М.Ж. | - | Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Акеншаев Р.А. | - | КЧКТМАнын Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги. |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө конфискация болгон жаңгак уюлдарын жок кылуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселелерди карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |