Редакцияот 04.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 4-апрели № 130-б

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

1. Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин юстиция министрликтеринин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2003-жылдын 16-апрелиндеги Протоколдун расмий тилдеги долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-ноябрындагы № 166-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов