КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 6-апрели № 134-б
1. Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) 2012-жылдын 15-20-апрелинде болуучу Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун кезектеги жазгы сессияларына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри Оторбаев Жоомарт Каипович командировкага жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун эсебинен командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |