Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 6-апрели № 135-б
2012-жылдын 8-9-апрелинде Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Кыргызстан Казакстан өкмөттөр аралык сүйлөшүүгө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Карашев Аалы Азимович(*) | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Өмүралиев Эсенгул Касымович | - | Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри; |
Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри; |
Шадиев Аскарбек Алимбаевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри (макулдашуу боюнча); |
Калмамбетов Автандил Исмаилович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Нарбаев Каныбек Жайчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Кулматов Кубанычбек Кеңешович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Тиленов Закир Керимович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскеринин командачысы; |
Кулмурзаев Тургунбек Насипович | - | "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Тентиев Аман Мукамбетович | - | "Элктр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Асанов Бактыбек Даирович(*) | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси; |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин инвестициялык саясат башкармасынын начальниги. |
2. Командировкалык чыгымдар жиберүүчү уюмдардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык төлөнсүн.
Эскертүү:
(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражатынын эсебинен жиберилишет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |