Редакцияот 10.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 10-апрели № 137-б

2012-жылдын 3-6-апрелинде Кыргыз Республикасына Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбегдорждун расмий иш сапарына даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 40600 (кырк миң алты жүз) сом, ошондой эле Бишкек шаарында 2012-жылдын 4-5-апрелинде Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк биргелешкен комиссиясынын алтынчы жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды жабууга 305600 (үч жүз беш миң алты жүз) сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына бөлүнсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов