Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-апрели № 146-б
Калктын жашоо-турмушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, калктуу конуштардын эстетикалык абалын жакшыртуу, региондордун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кошумча түрткү берүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын администрациялык борборлорундагы борбордук көчөлөргө жарыктандыруу системасын орнотуу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, облустук мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте иш-чаралар планын аткаруу боюнча бардык чараларды көрүшсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жана реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
┌─┬──────────────────────────────┬────────────┬───────────────────────┐
│№│ Иш-чаралардын мазмуну │ Аткаруу │ Жооптуу аткаруучулар │
│ │ │ мөөнөтү │ │
├─┼──────────────────────────────┼────────────┼───────────────────────┤
│1│Борбордук көчөлөрдү │2012-жылдын │Кыргыз Республикасынын │
│ │жарыктандыруу жана курулуш │25-апрелине │Энергетика жана өнөр │
│ │иштерине төлөө үчүн зарыл │чейин │жай министрлиги, │
│ │жабдууларды сатып алууга │ │облустук мамлекеттик │
│ │каржылоо булактарын аныктоо │ │администрациялар │
├─┼──────────────────────────────┼────────────┼───────────────────────┤
│2│Белгиленген тартипте зарыл │2012-жылдын │Кыргыз Республикасынын │
│ │болгон электр жабдууларын │15-майына │Энергетика жана өнөр │
│ │сатып алууга тендер өткөрүү │чейин │жай министрлиги, │
│ │жана монтаждоо иштерин │ │облустук мамлекеттик │
│ │жүргүзүү үчүн подрядчыны │ │администрациялар, │
│ │аныктоо │ │жергиликтүү өз алдынча │
│ │ │ │башкаруу органдары │
├─┼──────────────────────────────┼────────────┼───────────────────────┤
│3│Көчө жарыктандыруусун орнотуу │2012-жылдын │Подряддык уюмдар │
│ │боюнча монтаждоо иштерин │1-сентябрына│ │
│ │аткаруу │чейин │ │
│ │ │иштерди │ │
│ │ │аяктоо │ │
├─┼──────────────────────────────┼────────────┼───────────────────────┤
│4│Көчө жарыктандыруусун орнотуу │2012-жылдын │Бөлүштүрүүчү │
│ │боюнча монтаждоо иштерине │30-апрелине │компаниялар, │
│ │техникалык шарттарды берүү. │чейин │Кыргыз Республикасынын │
│ │Көчө жарыктандыруусун орнотуу │ │Энергетика жана өнөр │
│ │боюнча монтаждык иштердин │Монтаждоо │жай министрлиги, Кыргыз│
│ │жүрүшүн контролдоо │иштеринин │Республикасынын │
│ │ │мезгилине │Өкмөтүнө караштуу │
│ │ │ │Курулуш жана региондук │
│ │ │ │өнүктүрүү боюнча │
│ │ │ │мамлекеттик агенттик │
├─┼──────────────────────────────┼────────────┼───────────────────────┤
│5│Орнотулган көчө │ │Облустук мамлекеттик │
│ │жарыктандыруусунун иши андан │Дайыма │администрациялар, │
│ │ары ишенимдүү иштешин камсыз │ │жергиликтүү өз алдынча │
│ │кылуу (линияларды жана │ │башкаруу органдары │
│ │жабдууларды ремонттоону │ │ │
│ │каржылоо, электр энергиясы │ │ │
│ │үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүү) │ │ │
└─┴──────────────────────────────┴────────────┴───────────────────────┘