Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-апрели № 149-б
Тараз-Талас-Суусамыр (I фаза) авто жолун реабилитациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун шарттарын аткаруу максатында:
1. Төмөнкү курамда Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Жумалиев Н. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
|
| Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: |
Осоев Э. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу; |
Эшенкулова А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарын каржылоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Субанбеков Н. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-иликтөө институтунун илимий-маалымат бөлүмүнүн начальниги; |
Ибраимов С. | - | Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын өнөр жай, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башкы адиси; |
Акматов А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жер кадастры жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын башкы адиси; |
Турдалиев Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын начальниги; |
Сандыбаев М. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жол көзөмөлү бөлүмүнүн начальниги; |
Момбеков А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Түндүк региондор аралык башкармалыгынын уюштуруу иштери, кирешелерди эсепке алуу жана салыктарды өндүрүү боюнча бөлүмүнүн начальниги. |
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө жерине баруу менен жер участокторун баалоону текшерүүнү жүргүзсүн, участкалардын ээлери менен макулдашылган отчет даярдасын жана жер участкаларынын ээлерине тийиштүү компенсацияларды төлөө жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Командировкага байланыштуу чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |