Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-апрели № 156-б
Чүй облусунун Чүй жана Ысык-Ата райондорундагы билим берүү жана социалдык мекемелерден радиоактивдүү көмүрдү жана шлактарды ташып чыгаруу боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө сарпталган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин финансылык каражаттарынын ордун толтуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 3 157 000 (үч миллион бир жүз элүү жети миң) сом бөлүп берсин, анын ичинде:
- 2 114 000 (эки миллион бир жүз он төрт миң) сом - радиоактивдүү көмүрдү ташып чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн;
- 1 043 000 (бир миллион кырк үч миң) сом - радиоактивдүү шлактарды ташып чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздасын, бул учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |