Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-апрели № 159-б
Кыргыз ССРнин эл артисти, залкар комузчу Карамолдо (Токтомамбет) Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Алагушев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Асанакунов М.А. | - | Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Жакиев Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча); |
Керексизов Т.Ж. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Карамолдоева Ж. | - | Карамолдо Орозовдун кызы (макулдашуу боюнча); |
Омүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Осмоналиев К.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Осмонов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы; |
Султанбаева А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн маданият, туризм жана спорт секторунун эксперти; |
Үсөнбаев М.А. | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору; |
Чокиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Чорчоев Т. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги эки жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаранын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Юбилейлик иш-чараны өткөрүү менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн булактардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |