Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-апрели № 160-б
1. Филиппиндин Манила шаарында 2012-жылдын 2-6-майында жана Улуу Британиянын Лондон шаарында 2012-жылдын 18-19-майында болуучу Азия өнүктүрүү банкынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучуларынын ар жылкы жолугушууларына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Оторбаев Жоомарт Каипович командировкага жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |