Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-апрели № 161-б
Азия өнүктүрүү банкынын "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү - Кошумча" долбоорун (мындан ары - Долбоор) натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине Долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын каалоосун көңүлгө алуу менен:
1. Долбоордун аткаруучу агенттиги болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмү аныкталсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |