Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-апрели № 166-б
Бел-Алма аянтында пайдалуу казындылар кенине геологиялык чалгындоо жүргүзүүдө түзүлгөн кооптуу экологиялык кырдаалга карата Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагынын тургундарынын 2012-жылдын 19-мартындагы катында коюлган маселелерди иликтөө максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Артыкбаев О.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Исаков Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Орозова К.Б. | - | Баткен облусунун губернаторунун орун басары; |
Жолчиев Б.Д. | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Бектаев Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук аппаратынын түштүк региону боюнча өкүлү; |
Акимов А.П. | - | Баткен облусундагы Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Салиев Т.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Жумабаев Л.П. | - | Баткен облусунун прокуратурасынын башкармалыгынын начальниги; |
Алимбеков А.М. | - | Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги; |
Суванкулов Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармалыгынын начальниги; |
Бекташев С.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин лицензиялоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Насиров А. | - | Баткен облусундагы Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу; |
Анапияев Г.Т. | - | Баткен облусундагы Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын башчысы. |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө жерине чыгуу менен Бел-Алма аянтында пайдалуу казындылар кенине чалгындоону ишке ашыруучу субъекттин экологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоосун изилдесин жана иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө төмөнкү укуктар берилсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлиги органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга.
4. Командировкага байланышкан чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ