Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-майы № 168-б
Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Көк-Жар, Ак-Кыя калктуу конуштарында тургундарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу чыгаруучу скважиналардын техникалык абалын изилдөө боюнча чараларды көрүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Алимбеков Д.К. | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Алымкулов Э.А. | - | Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Казатов А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин гидрогеологиялык экспедициянын жер алдындагы сууларды кайтарууну контролдоо боюнча отрядынын биринчи категориядагы гидрогеологу; |
Мирзакаримов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары; |
Өмүралиев А.К. | - | "Нарынжолкурулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- жерине баруу менен суу чыгаруучу скважиналардын техникалык абалын изилдөө боюнча иштерди жүргүзсүн.
- 2 жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш киргизсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |