Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-майы № 171-б
2012-жылдын 28-30-апрелинде Бишкек шаарында болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) биринчи жыйынына катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда бекитилсин:
Карашев Аалы Азимович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; |
Алымкулов Алиясбек Төлбашиевич | - | Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри; |
Сыдыков Данияр Батырович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Исаев Асеин Кусеинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; |
Темиралиев Таалайбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; |
Нурмамат уулу Нурдавлет | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин статс-катчысы; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Калмамбетов Автандил Исмаилович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Орозбеков Мухтар Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Нарбаев Каныбек Жайчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Кенжебаев Байгазы Бобунович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору; |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Эшназаров Наби Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Болотбаев Асылбек Аскарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Акенеев Жумакадыр Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Апасова Рима Тунгучбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Ахмедов Орунбай Козубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору; |
Зулпуев Саидбек Мейраждинович | - | Банктарды кайрадан уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин директору (макулдашуу боюнча); |
Мураталиев Тимур Тургуналиевич | - | "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун тышкы башкаруучусунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ибраев Таалай Омукеевич | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Садабаев Төлөгөн Дүйшөевич | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Букалаев Алмаз Камчыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин экинчи катчысы; |
Исмаилова Кымбат Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин атташеси; |
Кудайбердиева Айзада Бердибековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын башкы адиси, Комиссиянын катчысы. |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |