Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-майы № 175-б
2012-жылдын 21-25-майында Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун жумушчу топторунун кезектеги жыйындарына жана 16-Пленардык жыйынына, ошондой эле ФАТФтын (FАТF) Эл аралык кызматташууну кароо боюнча жумушчу тобунун (ICRG) Европа-Евразия региондук кароо тобунун (ЕRRG) жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы, делегациянын башчысы; |
Мусабеков Эсендик Курманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын аналитикалык башкармалыгынын начальниги; |
Кененбаев Чынгыз Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысы; |
Сабиров Тимур Фирдаусович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын жардамчысы; |
Чокоев Заир Ленарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Жапаров Таалайбек Токталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун директорунун орун басары; |
Калиев Болоткан Бексыргаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын бөлүм начальниги; |
Ташбаев Алмаз Калдарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын баалуу кагаздар рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги; |
Турсункулов Кайрат Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эксперти; |
Амангелдиев Данияр Жолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн башчысы. |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Биринчи вице-премьер-министр | А.Карашев |