Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-майы № 177-б
2012-жылдын 22-25-апрелинде болгон сел жүрүүнүн натыйжасында Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун жабыр тарткан калкына жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- мамлекеттик материалдык резервден 44 (кырк төрт) тонна азык-түлүк буудай данын белгиленген тартипте брондон чыгарсын жана аны "Дан" акционердик коомунун өндүрүш кубаттуулугунда биринчи сорттогу ун кылып тартсын;
- 25 (жыйырма беш) тонна өлчөмүндө алынган унду белгиленген тартипте Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн унду Баткен облусуна жеткирүүнү камсыз кылсын.
3. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы бир үй-бүлөгө 50 (элүү) кг эсебинде Баткен жана Лейлек райондорунун жабыр тарткан калкына унду даректүү берүүнү жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2012-жылга төмөнкүлөргө финансылык каражаттарды бөлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна - ушул буйруктун 1-пунктунда аталган товардык-материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервде коюу үчүн, ошондой эле тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде данды кайра иштетүүгө жана унду берүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине - унду жеткирүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга;
- "2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыксын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министр | А.Карашев |